Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктө болгон кырсыктан бир жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачылыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 18-май күнү Жалал-Абад облусундагы аскер бөлүктөрдүн бириндеги техникаларды тейлөөчү жайда болгон. Анда катардагы жоокер А.Т. байкабастан келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан Т.М. аттуу аскер кызматкерин унаа менен сүзүп алган. Жабырлануучу Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Азыркы тапта аталган факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына билдирилип, ички тергөө иштери жүрүүдө.