Бүгүн, 19-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында эркин күрөш боюнча мелдештер орун алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн жарым чейрек финалда 2 балбан эркин күрөш боюнча медалдар үчүн күч сынашат. Алар: Адилет Маматаев жана Муслим Евлаев.
Кыргыз балбандардын атаандаштары төмөндө:
65 килограмм салмак ченинде: Адилет Маматаев – Ильяз Жумай (Казакстан)
74 килограмм салмак ченинде: Муслим Евлаев – Бокар Мбоджи (Мавритания)
Маалымдай кетсек, эркин күрөш боюнча, башка салмак категориядагы беттештер эртең, 20-майда орун алат. Анда 61 килограмм салмак ченинде Алибек Осмонов жана 87 килограмм салмак ченинде Саякбай Үсүпов катышат.