Ош шаарында жааган жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди суу каптаган

Ош шаарында жааган жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди суу каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-май күнү саат 16:17 чамасында Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен шаардагы турак үйлөрдү жана бир катар социалдык объектилерди суу каптаган.

"Жабыркагандар жок. 38 куткаруучу имараттарга жана короолорго кирген сууларды тазалашып, сордурушкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-05-19 10:46:16
Арыктарды ким тазалаш керек болсо ошолорго катуу чара корсо мындайн кийин мындай нерселер болбойт эле
0
Alibay
2017-05-19 13:01:05
Мен мындай жамгырды коро элек элем.Аябай жаады!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан