АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Таймс-сквер" аянтында бара жаткан адамдарды унаа тебелеп кетти. Кырсыктын кесепетинен 1 адам набыт болуп, 22 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 19-майда жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 18-майда кызыл түстөгү Honda үлгүсүндөгү унаа тротуарда бара жаткан адамдарды атайлап сүзүп кеткени айтылат. Кырсыктан жаракат алган 22 адамдын 4өөнүн абалы оор, бирок өмүрлөрүнө коркунуч жоктугун дарыгерлер билдиришкен.
Кырсыктын себепчиси, 26 жаштагы Ричард Рохас ошол эле жерден колго түшүрүлүп, алкоголдук ичимдиктерди ичпегендиги аныкталган. Полиция кызматкерлери аны наркотик колдонуусу мүмкүн экендигин, ал буга чейин да бир нече жолу мыйзам бузганы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалганын айтышууда.
Ал эми Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио "жергиликтүү бийлик бул окуяны терракт деп эсептебейт" деп билдирген.