Жумгал районунда болгон катуу шамалдан улам спорт залдын жана бала бакчанын чатыры зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-май күнү саат 17:32 чамасында Жумгал районунда ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Миң-Куш айылындагы спорт залдын жана "Байчечекей" бала бакчасынын чатыры зыянга учураган.
Ошондой эле Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы айрым короо-сарайлардын чатырларын шамал учурган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.