Кемин районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу милицияга өзү келди

Кемин районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу милицияга өзү келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

"Патрулдук милиция кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринин негизинде айдоочунун өздүгү такталып, Мазда Атенза үлгүсүндөгу унаа табылган. Андан соң Элмирбек аттуу 30 жаштагы айдоочу тергөө бөлүмүнө өзү келди. Азыркы учурда Кемин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-май күнү саат 18:30 чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа 1983-жылы туулган Кымбат аттуу жаранды сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканадан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2017-05-19 14:39:53
Өзү келсе жакшы. Өзү келди деп эле бошотуп жибербегиле дагы
0
Kroxa
2017-05-21 22:37:56
Сузгондор деле камалды деп уга элекмин озу чуркап кирип кетти..же башканы айтып олгон киши куноолу болот соттун кекиртегин майлайт бутту..ошону менен кайдан кордун ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан