Баткенде ооруканага жаткырылган 7 окуучу кыз алтын күкүрткө ууланган (тизме)

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Бужум айылында ооруканага жаткырылган 7 окуучу алтын күкүрткө ууланган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алимбек Матмуратов билдирди.

Анын айтымында, ууланган балдардын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле окуя боюнча Баткен РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Ууланган 7-класстын окуучуларынын тизмеси:

1) Алимбек кызы Мадина;

2) Имарбек кызы Чолпонай;

3) Жаныбек кызы Камила;

4) Махридин кызы Наргиза;

5) Кадырбек кызы Рабия;

6) Жигиталы кызы Мадина;

7) Жеңишбек кызы Айжан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
omurbekFCB
2017-05-19 13:01:53
айыгып кетишсин
0
Izdeim_seni.
2017-05-19 13:41:22
Алтын кукурт деген эмне???
0
Nazi_92
2017-05-19 15:22:01
Izdeim_seni.,сера
0
Kubinis
2017-05-19 13:49:47
Химиялык зат. Аны Баткенде орукко курт тушпошу учун колдонушат. Менделеевдин таблицасында бар бирок аталышы эмне билбеймин
+1
Tolkun555
2017-05-19 13:57:16
Алтын күкүрт деген сары поршок болот.биз аны менен өрүк дымдайбыз.саргартып цветини өзгөртүш үчүн.бул Баткенде ар бир үйдө бар.күйгүзгөндө дем алсан тамагыңды бууп жөтөлтөт.айран сүт ичсең жакшы болуп калат.коркунучу жок.
0
Tyty1990
2017-05-19 14:35:07
Аман эсен айыгышсын
0
pixduel1
2017-05-19 14:36:11
Ушул нерсени колдонуп орукторду бизге сатышат да))) биз болсо ай ий кандай сонун, тусу да соонун болуп бышканго деп суктанып жейбиз))) а оздору башка орук жейт))
+4
Izdeim_seni.
2017-05-19 14:46:31
pixduel1,анан зыян эмеспи ал. Кукуртко ьууланаган оруктор
0
BakytAliev
2017-05-19 16:02:55
Izdeim_seni.,жок эч кандай зыяны болбойт ал жон Гана орукторго Курт тушурбой сактап
0
Tolkun555
2017-05-19 22:14:09
pixduel1,андай кылбаса силер сатып албайсынар да.туура озубузго дарылабай кургатабыз.
0
Jangazy
2017-05-19 17:55:27
Бешоо не кылып журуптур
0
zkd92
2017-05-20 02:29:20
Алтын кукуртко эле ошончолукпу э орук бышканда Аны кунуго эле жыттайбызго даже денене жыты синип калат эч нерсе болбойтко эч Ким.кайрадан жакшы ичиндеги курттар олот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан