Футзал боюнча Кыргыз жаштар курама командасы Азия чемпиондугунда Бириккен Араб Эмираттарынын курамына 3:4 эсебинде жеңилди

Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн футзалчылары бүгүн, 19-майда өз тайпасында Бириккен Араб Эмираттары менен беттешти. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө жаш спортчуларыбыз атаандаштарына бир нече кооптуу абал жаратып, 1 гол киргизгенге үлгүрдү. БАЭнин футзалчылары 1-таймдын аягында 2 гол менен жооп кайтарды. 2-таймдын башында Кыргыз курамы эсепти теңдей алды. Бирок оюндун жүрүшүндө БАЭ командасы эсепти 3:2 кылды.

Кыргыз курамы Мирлан Жолдубаевдин голу менен эсепти кайрадан теңдегенге үлгүрдү. Оюндун акыркы мүнөтүндө БАЭ курамасы эсепти 3:4 кылып, жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасы 2 упай топтоп азырынча турнирдик тизмеде 4-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Derzki_kyrgyz
2017-05-19 12:38:46
эч нерсе эмес келечек алдыда
+2
Zeinep_gunew93
2017-05-19 13:45:32
Мирлан Жолдубаев Азаматсын !!! Ийгилик каалайм мындай кетишинде АЗия Европа Дуйно чемпиону учун гол жаратып журо бер
+2
Tyty1990
2017-05-19 14:38:49
Эч нерсе эмес ийгилик алдыда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан