Бишкекте 3 айлык ымыркайды сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 12-май күнү Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш Назира жана белгисиз аял алдоо жолу менен 3 айлык кызын 10 миң сомго сатып жиберишкенин айткан.
"Бишкек ШИИББнин опер кызматкерлери тарабынан кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган А.Н., 1982-жылы туулган А.Ж. жана 1991-жылы туулган С.Н. (ымыркайды сатып алган) кармалган. Кармалгандар Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Ал эми 3 айлык ымыркай соттун чечимине чейин Бишкектеги балдар үйүнө берилди", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.