Ислам тилектештик оюндары: 1500 метр аралыктагы жарышта Кыргыз спортчусу финалга чыкпай калды

Бүгүн, 19-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын жеңил атлетика боюнча мелдешинде Кыргыз спортчусу Мусулман Жоламанов финалга чыкпай калды. Мекендешибиз 1500 метр аралыктагы жарышта 3 мүнөт 58.27 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, 13-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен Мусулман Жоламановго финалдык жарыштар буюрган жок.

Эске салсак, буга чейин Дарья Маслова 5000 метр аралыктагы жарышта коло медаль утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан