Бүгүн, 19-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп жатат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн балбаны Муслим Евлаев 74 килограмм салмак чениндеги жарым финалдык беттеште казакстандык Болат Сакаев менен күрөшүп 7:4 эсебинде жеңишке жетти.
Эми Муслим Евлаев финалдык беттеште Сонер Димиртас менен күч сынашып, алтын медаль алганга аракет кылат.
Ал эми 65 килограмм салмак ченинде күрөшкөн Кыргыз спортчу Адилет Маматаев казакстандык Ильяз Жумайга 7:1 эсебинде жеңилип калып, мелдештен четтетилди.