Бишкекте кырсыкка кабылган маршруттук таксинин айнектери ичиндеги жүргүнчүлөргө чачырады (фото)

Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус менен троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. №199-каттамдагы кичи автобустун айдоочусунун айтымында, өз жолу менен түз келе жаткан.

"Түз келе жатканда капталдан троллейбус чыга калды. Маршрутканын ичинде 15ке жакын адам бар болчу. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган жок", - дейт маршруттук таксинин айдоочусу.

Ал эми троллейбустун айдоочусу комментарий берүүдөн баш тартты. Жол кырсыгынын кесепетинен жол тыгыны жаралды.

Айта кетсек, буга чейин №199-каттамдагы кичи автобус Байтик баатыр менен Горький көчөсүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган эле.

Бишкекте троллейбус менен маршруттук такси сүзүштү
Бишкекте троллейбус менен маршруттук такси сүзүштү (2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanzada97
2017-05-19 16:17:19
пробка кочолор
0
Ulan2601
2017-05-19 16:40:52
Баягы эле 199бу жон айдашпайт экенда
0
uja
2017-05-19 17:09:41
кечее эрте менен Кызыл-Аскерде 14-троллейбус менен 199 маршрутка сузушкон
0
akil.91
2017-05-19 18:45:43
Эски автобус жана троллейбустардын баарын алмаштырышса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан