Бишкектеги жол кырсыгынан студент кыз жабыркады

Бишкектеги жол кырсыгынан студент кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:37 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө болгон. Анда ак түстөгү жеңил унаа студент кызды жолдон өткөрүү үчүн токтогон. Бирок артында катуу ылдамдыкта келе жаткан кызыл түстөгү кичи автобус жеңил унааны сүзгөн. Жеңил унаа катуу соккудан улам кызды сүзүп алган. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Азыркы тапта эки унаа тең айып жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан унаалар жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kubinis
2017-05-19 16:06:34
100 пайыз кызыл Бусик куноолуу
+8
Kanzada97
2017-05-19 16:14:38
прям азыр дагы жол кырсыгы болуптур восток 5те , чоон эле кишини автобус уруп кетиптир
0
haydarkan
2017-05-19 16:17:30
Кунуно жок дегенде Бишкекте бирден жол кырсыгы катталып жатат. Кудай озу сактасын ушундай кырсыктардан. Албетте кырсык каш менен кабактын ортосунда дейтко. Абайлайлычы жолдо жургондо
+2
anash
2017-05-19 16:19:09
Ошол жердеги пешеход ото коопту мен кундо ошол жерден отом негизи тура емес койулгон ИСИтонун да куносу бар алдына машина парковка кылып койго же ойдорок коюш керек пешеходу....негизи пешеход тура емес койулга...или светафор койуш керек
+2
realliver
2017-05-19 16:40:31
Мектептердин жанына эле жасабай лежащий полицейскийди ар бир пешеходный переходтун жанына жасаш керек болуп калды
+1
aerforce
2017-05-19 19:37:08
Бут ушул маршрутниктер шголдор эле айдап журот аларда кайдагы опыт буларды жоопкода тартпай жатпайбы себеби баардык маршрутка линиялар чиновниктердики аларды тандап жумушка алчу болсо жумуш токтоп чондордун чонтогуно тыйын тушпой калат
+2
Kyialbek0410
2017-05-19 20:14:43
Тормуз деген нерсени унутуп койушканбы дейм.дагы саткыла кобуроок праваны
0
Satana
2017-05-20 02:01:02
Kyialbek0410,
Праваны окуп алсанар эч качан авария болбойсунар дегин барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан