“Суперфутбол-2013” мелдешинде тай талаша турган АУЦА командасы оюнга кызуу даярдык көрүүдө

17-18-19-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде өтө турган "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдешине учурда кызуу даярдык жүрүүдө. Мелдешке катыша турган Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин курама командасы бүгүн, 13-майда 2-ирет чоң аянтта машыгуу оюндарын өткөрдү. “Кичи машыгууларды тынбай эле өткөзүп келе жатабыз. Айрымдары мурда футбол ойноп жүрүшкөн болсо, айрымдары биринчи жолу топ тээп жатышат”,- дейт аталган окуу жайдын ректорунун орун басары, команданын машыктыруучусу Алы Ташов.

"Мелдешке 1-ирет катышып жатсак дагы, жеңишке жетишүүгө аракет кылып жатабыз",- дешет команданын оюнчулары. 

АУЦА командасы күчүнө толук ишенет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан