Бишкектеги Чыгыш 5 кичи районунда Чүй көчөсү менен бара жаткан 7-каттамдагы автобус 20 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 14:00 чамасында болгон. Кырсыкка кабылган бала ооруканага жеткирилген.
"Жабыркаган баланын жаракаты жеңил. Айдоочунун алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталды. Ал кырсыкка кабылган бала алдынан күтүүсүз чыга калганын айтууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.