Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Зинагүл Нуралиева билдирди.
Маалыматка ылайык, акындын мааракесине калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Маданият, маалымат туризм министрлигинин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.
"Акындын 70 жылдык салтанатында ал тарбиялаган таланттуу окуучулары тарабынан ыр, бий тартууланды. Мындан сырткары салтанаттын катышуучуларына акын өзү комуздун коштоосунда ырдап берди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Жолболду Алыбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын катары чыгармачылык менен алпурушуп келет. Акындын аткаруусунда "Чолпонум, "Көк сулуу" дастандары коомчулукка тараган.