Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-май күнү ИИМдин Ички коопсуздук кызматына Аламүдүн районунун Т.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 12-май күнү Аламүдүн РИИБинин Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери уурулук фактысын мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алышканын айткан. Текшерүүдө уурулук боюнча эч кимден арыз түшпөгөнү аныкталган. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. Ал эми прокуратура 16-май күнү "кыйноо", "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүү үчүн ишти УКМКга өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2017-05-19 19:15:27
Кудай милицияга тушкулук кылбасын.
+4
ady-88
2017-05-19 19:57:54
Милициялаар озу адам деле эмес. Качанкы бир заманда милицияга энеден арыз тушот экен. Арызда баласы энесин тепкилеп сабап салыптыр. Ошондо милициянын чону бизге ушундай адамдар керек баланызга иш козголбойт биз аны милицияга ишке алабыз дептир.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан