Бишкекте 19 жаштагы бала тоноочулукка шектелип кармалды

Бишкекте 19 жаштагы бала тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлерине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 11-май күнү саат 14:00 чамасында баласынын 20 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз адам күч колдонуп тартып алганын айткан.

"Бул факт боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүрүп, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.У. кармалды. Эгер сүрөттөгү баладан жабыркагандар болсо, 0 705 03 51 50, 0 778 75 00 05, 0 550 42 24 54 телефон номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан