Ысык-Көл облусунун тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата шаарынын 70 жаштагы П.В. аттуу тургуну кармалган. Колундагы баштыктан 875 грамм марихуана табылган.
"Чогултулган материалдар Ысык-Көл РИИБине өткөрүлүп, кылмыш иши козголду. Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси болгон башка кишилерди аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Кармалган адам мурда да сот жообуна тартылган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.