Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев бүгүн, 20-майда 62 жашка толду. Ал 1955-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп калган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган.
Театрда иштеп жатып жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги Островский атындагы театр жана сүрөт институтуна тапшырган. Бирок 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, кийин 1993-жылы аны ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" жана башка тасмаларда роль жараткан.
20-майдын жылнаамасы.