Балбан Нурбек Кожобеков 1988-жылы 20-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.
Ал бел боо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону (2012-жыл), Дүйнөнүн чемпиону (2014, 2015), 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү аталган. Ошондой эле Дүйнө кубогунда алтын медалды багындырган (2015).
2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз жана казак күрөшүнүн 90 килограммга чейинки салмактагы жеңүүчүсү болуп, эки алтын медаль тагынган.
2016-жылы Бишкекте өткөн кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунда өлкө чемпиону аталган. Ушул эле жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги балбанды 2016-жылдын мыкты спортчусу деп тапкан.