18-май күнү Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде коомдук тартипти камсыздап жүрүшкөн Патрулдук милициянын кызматкерлерине Бишкек шаарынын 1979-жылы туулган М.Э. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал чай куюп алаксып калган учурда үйүнө келген Руслан аттуу чала тааныш жаран столдун үстүндө турган уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.
"Патрулдук милициянын кызматкерлери шектелген жарандын дарегин аныктап, 1974-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаранды кармашкан. Бирок ал эч кандай уюлдук телефон көрбөгөндүгүн жана албагандыгын айткан. Ошол учурда шектүүнүн 5 жаштагы кызы үйдүн ичинен "мына атам алып келген телефон" деп милиция кызматкерлеринин колуна карматкан.
Жогорудагы факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, каттоого алынды. Учурда тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары башталды. Шектүү жаран Ж.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.