Көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн калемгерлерге сынак жарыяланды. Максаты - 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди жана тил саясатын ѳркүндѳтүү, Кыргызда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын расмий сайтында маалымдалат.
Сынактын негизинде акын-жазуучулардын китептери "Азыркы адабият" жаш калемгерлердин жыйнактары "Дүбүрт", "Дүйнѳлүк адабият", ал эми кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын башка тилдерге которгон котормочулардын эмгектери "Дүйнѳ" серияларынын алкагында жарык көрөт. Ошондой эле сынакка балдар үчүн сүрөттүү китептер (тармактык энциклопедия, көркөм чыгарма, хрестоматия, сөздүк жана башка) жана усулдук колдонмолор менен катышууга болот.
Сынак 2017-жылдын 20-июнуна чейин жүргүзүлөт.