Тай бокс боюнча Кыргыз спортчусу атаандашын нокаут менен утуп алды

19-майда Таиландда өткөн MX Muay Xtreme тай бокс боюнча турниринде Кыргыз спортчулары катышып, бири жеңишке жетишти. Бул тууралуу аталган турнирдин расмий баракчасында жазылды.

Маалыматка ылайык, турнирде жалпысынан 6 өлкөнүн спортчулары 6 уруш өткөрүшкөн. 65 килограмм салмакта тай боксчу Жаныбек Бейшебек уулу таиланддык Арвут Ворпетчпул менен кез келген. 2-раундда Кыргыз спортчу атаандашын нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Ал эми 61 килограмм салмакта Кыргыз тай боксчу Нурзаман Эшбаев дагы таиланддык Дараек Сутай менен рингге чыккан. Калыстардын чечими менен жеңиш Дараек Сутайга ыйгарылганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
realliver
2017-05-20 13:22:37
Бу Жаныбек кыйын экен, молодец. Башында Канттагы ветврачтын окуусунда окуп жургондо биздин айылдагы окуган балдар менен келип калчу. Ошондо эле турник брусанын жанынан чыкчу эмес. Аракеттин аркасы менен жетти ушунун баарына
+5
bekbol2006
2017-05-20 14:46:48
Азамат
+1
grace
2017-05-20 22:47:33
Азамат! Дагы да көп жеңиштерге жетише бер келечекте!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан