ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Ырчы Шахрезада Аскарова 60 жашка толду

Ырчы Шахрезада Аскарова Чүй облусунун Сокулук районунда төрөлгөн. Мектепте болгон ийримдердин бирин да калтырбай барчу. Мектепти аяктагандан кийин Ленинграддагы Музыкалык педагогикалык училищенин оркестр бөлүмүндө балалайка жана баян аспаптарында ойноо жаатында окуп, тилекке каршы, ал жактын нымдуу абасы ден соолугуна жакпай, окууну таштап, кайтып келүүгө аргасыз болгон.

Кыргыз өлкөсүнө кайткан соң "Фрунзе" заводуна ишке орношкон. Анда да музыкалык ийримдерине үзгүлтүксүз катышып турган. Заводдун Мурат Маймылов жетектеген "Дастан" деген тобунда ырдаган. "Улуттук филармониянын "Наристе" тобуна солистка керек" деген жарыяны угуп, барып өтүп кеткен. Атагы ошол топто жүргөндө чыккан.
"Кат жазам сага", "Күтөм сени", "Табышмак сезим", "Күз айы", "Арзуу" жана башка ырлардын аткаруучусу.

20-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан