Азия чемпиондугунда футзал боюнча Кыргыз курамасы Ирандын командасына 0:10 эсебинде утулуп калды

Бүгүн, 20-майда Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн футзалчылары "D" тайпасында Иран өлкөсүнүн курамасы менен кез келди. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, биринчи таймда ирандыктар Кыргыз курамасынын дарбазасына 5 топ киргизип, экинчи таймда ушул эле көрсөткүчтү кайталаган. Жыйынтыгында Кыргыз курамасы Иран курамасына 0:10 эсебинде жеңилип калды.

Турнирдик жадыбалда Кыргыз курама командасы 2 упай менен 5 орундан 4-орунду ээлеп, оюндарын жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, курама буга чейин Кытай жана Монголия менен ойноп, тең чыккан. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчуларынан 3:4 эсебинде утулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tulpar90
2017-05-20 17:04:59
10:0 эле экен, аз эле айырма. 100 болсо эмне кылмакпыз
-2
Saidulla
2017-05-20 17:30:55
Ирандын фудзал курамасы Азияда күчтүү аны моюнга алыш керек.
+3
-NURIK-
2017-05-20 17:58:23
Болуп турат анча мынча кыжаалат болбогула
-1
frunze12
2017-05-20 18:07:54
Иран чыны менен кучтуу ойнойт футзалда...
0
ayjan_90
2017-05-20 18:33:32
Эн мыкты натыйжаго емне демекчимин ийгилик))))))
-2
warrior96
2017-05-20 18:36:59
Тез уйунорго кайткыла балдар
+2
messidinho
2017-05-20 18:39:06
Эч болбогондо бир гол уруп койбоптурда, 10:1 кылып, зато не сухой болмок))
0
R_u_S
2017-05-20 18:59:34
Ирандыктарды көк бөрүгө чакыра келгиле ойношобуз деп.
0
Dilnaz.kiko
2017-05-20 19:10:58
Оозун ачып эле турушканго биздикилер 10да болобу
0
Aman97kg
2017-05-20 19:21:45
Уят еле
+2
A9n77BAIKEEV
2017-05-20 23:16:03
Оууууу жыргап кетсе 10.0го утканго деп
-1
Naiman39
2017-05-21 00:21:33
Ирандай команда мн 10:0болсо жакшыле бирок былтыркыдай сенсация кылбапсынар японияны уткандай
0
Nadirov
2017-05-21 10:34:53
Бакиев куноолуу)))
0
bom.bon
2017-05-21 12:17:05
Вот это поворот))
0
Tyty1990
2017-05-21 19:50:49
Эч нерсе эмес алар бизге көк бөрү ойногону келишсе ошондо тайнесин таанытабыз алардын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан