Бүгүн, 20-майда Кемин районунда веложүрүш болду. Жүрүштүн катышуучулары Кемин шаарынан Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Калмак-Ашуу айылына чейин 36 чакырымды басып өтүштү. Кемин шаарынан жүрүшкө 57 адам чыгып, маарага анын 47си гана жетти. Бул иш-чарага жергиликтүү жана Бишкектен барган спорт сүйүүчүлөрү, “Маратик” деген ат менен Орусиянын сахнасын багындырган “Азия МIX” командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев да катышты.
“Бүгүнкү жүрүш жакшы болду. Мурунтан эле спорттун бул түрүнө кызыгып, алектенип жүргөндүктөн 36 чакырымды басып өтүү мага кыйынчылыкты деле туудурган жок”, - деди Марат Жуманалиев.
Анын айтымында, базарда сатылып жаткан велосипеддер көтөрө албагандыктан, велосипедин өзү кураган.
Бул жүрүштүн негизги максаты Чоң-Кемин өрөөнүнө туристтердин көңүлүн буруу жана велоспорттун жайылуусуна салым кошуу.