Ислам тилектештик оюндары: Бүгүн балбан Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыгат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы бүгүн, 21-майда килем үстүнө чыгышат. Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күчүн сынаса, Медет кызы 75 килограмм салмакта күрөшөт.

Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 3 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
mirbek2211
2017-05-21 11:40:29
Айсулуудан дагы женишти күтөбүз.Ийгилик баарынарга биздин спортчулар.
+7
Edward.14
2017-05-21 11:51:01
Ийгилик Алтын медаль менен кайтыныз!
+4
Kurstan_CR7
2017-05-21 11:58:37
Урматту админ кечеки чыккан балбандар (эркин курош боюнча) эмне болушту?
0
admin_portal
2017-05-22 09:35:35
Kurstan_CR7, саламатсызбы? Ислам тилектештик оюндарынын жабылыш аземи тууралуу кабарды күзөтүп туруңуз. Кенен маалымат жана Кыргыз өлкөсүнүн медалдар боюнча канчанчы орун алганы тууралуу жаңылык бүгүн жазылат.
0
Kurstan_CR7
2017-05-21 11:59:06
Ушулар жонундо маалымат берип койсонуздар..?!
0
Boldukan86
2017-05-21 12:11:57
ийгилик алтындарым
+3
Miroslav
2017-05-21 13:07:02
Алтын алып келеерине ишнем Айсулуунун.
+2
bakulya2015
2017-05-21 13:23:03
Туугандар,мекендештерибиз саат канчада чыгат телевизорго
0
anonymous
2017-05-21 13:36:21
Азыр түркиянын спортсменин 10-0 эсебинде жеңди
+1
meni_kut
2017-05-21 15:24:03
anonymous,жазып турчу ушинтип.
0
anonymous
2017-05-21 13:44:48
Айгерим медет кызы туркиялык спортсменге 8-0 эсебинде жеңилди
0
Tyty1990
2017-05-21 13:58:31
Чыгып алып,анан башталат.
0
bakulya2015
2017-05-21 14:04:45
Tyty1990,Саламатсызбы? Саат канчада болот телевизордо.
0
Dima2006
2017-05-22 06:28:51
Айсулу биз сага ишенебиз сен утасын.
0
admin_portal
2017-05-22 09:45:22
anonymous,башка сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынган.3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан