ЖЫЛНААМА, 21-МАЙ: 5 жыл мурун Йемендин борборунда террордук акт болуп, 40ка жакын адам каза болгон

Мындан 5 жыл мурун, 2012-жылдын 21-май күнү Йемендин борборунда өлкөнүн түштүгү менен түндүгү бириккендигинин 22 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык учурунда жан кечтинин жардыруусунан 40ка жакын киши набыт кетип, ондогон адамдар жабыркашкан. Аскер униформасын кийген адам белиндеги бомбаны жардырып жиберген, андан тышкары дагы эки террорчу кармалган. Окуя президенттик сарайдын жанында болгон. Машыгууга коргоо министри жана башка расмий адамдар катышып жатышкан. Алар кол салуудан жабыркашкан эмес. Террактты Аль-Кайида террордук уюму моюнуна алган.

21-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан