Ислам тилектештик оюндары: Балбан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 килограммга чейинки салмакта Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Ал финалга чыгууда түркиялык балбанды утуп алган. Эми алтын медаль болгон үчүн күрөштө азербайжандык балбан менен кез келет.

Ал эми Айпери Медет кызы алгачкы беттешин жеңгени менен, кийинки эки беттеште жеңилип калган. Ал коло байге үчүн күрөшөт.

Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 3 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
talant87
2017-05-21 16:10:09
zor zor zor
+1
Krai
2017-05-21 16:11:56
Ийгилик Айсулуу болгон куч аракетини жумша эми бирок жанагы каршылашын азерлер да оной жоо эмес алга Айсулуу алга
+4
aibars
2017-05-21 16:19:48
Айсулуу алтын кутобуз, жараткан куч кубат берсин. Желекти бийик желбирет. Айсулуу менен чыга турган кызда коркуу сезими болбой койбойт.
+5
Ronaldo.99
2017-05-21 16:31:28
Толкунданып кеттим оюнун корбосомда
Азамат.
Алтын менен кайткын
+2
Aza17
2017-05-21 16:49:57
Жакшы жанылык.
Алга Айсулуу буйурса алтын биздики
+3
Subaru7351
2017-05-21 17:03:23
20-00 до корсо болот
0
bakulya2015
2017-05-21 17:46:30
Subaru7351,Ракмат. Ин Ша Аллах ийгиликтер болсун!
0
Edik_86
2017-05-21 17:13:23
кыргыздын желегин желбиреткени жакшы .бирок кыз кишинин курошуп жургонун анча жактыра бербейм да . бул менин ойум мени сугунуп койбойсунар денен ойдомум?
+2
aibars
2017-05-21 17:30:25
Edik_86, Ар бир ой баалуу, бирок спорт бул эн жакшы нерсе, бир тууганым.
0
madina.87
2017-05-21 18:17:39
Edik_86,Акыркы суйломунду окусам да жооп
жазгым келди сага:
Кыз киши курошуп Кыргызстандын намысын
коргоп жатат,Айсулууга окшогон канча
эркек балбандарыбыз бар.
Кыз башы менен ошолордон ат чабым алдыда
кетип жатпайбы?
Кана сен курош анда,сени эчким кой дебейт!
ЭРКЕК экенсин!!!
+1
doping
2017-05-21 20:48:25
Edik_86,молодец
0
Sharipa-asia
2017-05-21 17:16:35
Кыргыз кыз-келиндерин дагы бир дүйнөгө жар сал, Айсулуу!Жеңишиңди күтөбүз!
+2
Dastanke2014
2017-05-21 17:38:10
Жениш менен келишине тилектешмин!
+1
Krasnyi.kg
2017-05-21 18:01:14
Азаматсын кажып сал
0
Miroslav
2017-05-21 18:10:05
Айсулуу Азиянын 2 жолку чемпиону болду.Жакындан тааныбасам да бул кызды сыйлайм,кыргызды дуйного таанытып жатат.Олимпиададан алтын медал тагынып анан жеке жашоомду ойлоймун деген болчу,ожорлугуно тан калгам.Россияда Ярыгин дегендин турниринде да алтын алган эле,эми ал жактан алтын тагынышына эч кумонум жок алат буйурса.Азаматсын,ийгилик артында Кыргыз элин сенден алтын кутот.
+2
salimbek87.kg
2017-05-21 18:26:51
Алга Айсулуу биз сага ишенебиз.
+1
lsfayram22
2017-05-21 19:19:11
Келгиле мекендештер,кыргыздын наамысын коргогон кызыбызды алтын медаль менен кайтышын тилейли.Алла Таалам колдоп желегибизди дагы бир ирет желбиретсин.
0
Tolkun555
2017-05-21 19:36:35
Азаматсың Айсулуу жеңиш менен кубаныч тартуулашынды кыргыз эли күтөт.ийгиликти Алла өзү берсин.күч кубат берсин.
0
Azat.97
2017-05-21 19:53:46
Айсулуу алга!Кыргызстан алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан