Чүй ОИИББи: "Беш-Күнгөй айылы жакта "белгисиз адам тарабынан эки кичинекей бала уурдалды" делген маалымат текшерилип жатат"

Бүгүн, 21-май күнү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылы жакта белгисиз адам тарабынан эки кичинекей баланын уурдалганы айтылууда. Окуянын күбөсү болгон Евгения Моисеенко аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүлөрдү жазды.

"Тоодон кичинекей баланын кыйкырганы угулганынан Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапка бардык. Унаанын арткы отургучунда белгисиз адам кичинекей кыз менен экен. Ал эми дагы бир кичинекей бала унаанын жанында туруптур. Белгисиз адам дароо рулга отуруп өзүнүн балдары экенин айтып, бизге кыйкырып кирди. Балдардан эмне болгонун сураганыбызда, алар эч нерсе айтышкан жок. Чамасы алар коркуп калышкан. Айдоочу унаасын белгисиз тарапка айдап кетти", - деп жазат Моисеенко.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда "менин балам жоголду деп бир дагы ата-эне кайрылган жок. Бизге окуянын күбөлөрү тарабынан маалымат келип түштү. Азыркы тапта маалымат текшерилип, унаа боюнча милиция кызматкерлерине багыттама берилди" деп жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
grace
2017-05-21 19:56:46
Кудайым сактасын.
+4
voennyi88
2017-05-21 20:40:38
Эгер чын болсо анда биз кинодогудай олкодо жашап жатыптырбыз да.
+1
erikkarakulja
2017-05-21 21:09:12
Аудинин номерин билсе таап текшерсе болот. Мумкун чындап эле уурдалган болушу мумкун. Сактыка кордук жок.
+1
Kroxa
2017-05-21 22:23:57
А балким кыргызстандын башка областарынан уурдалган балдар болуп журбосун??Чуй обл.жоголду деп кайрылбаса..шектууну текшерип койсо ашык болбос эле..
+2
Begimai85
2017-05-22 00:46:00
Текшериш керек балдар коп жоголуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан