Топ-Лига: "Алай" конокто "Дордойду" утуп, лидерлик сабын бекемдеди

Бүгүн футбол боюнча өлкө биринчилигинин кезектеги туру жыйынтыкталды. Борбордук беттеш Бишкек шаарында орун алып, анда "Дордой" менен "Алай" кез келди.

Оюндун жүрүшүндө эки команда тең чабуулга ыктап ойноду. Баштапкы мүнөттөрдө "Дордой" кооптуу абалдарды жаратканы менен гол кирген жок.

Буга "Алай" 33-мүнөттө Акрам Умаровдун голу менен жооп кайтарды.

Экинчи таймда Аброр Кыдыралиев эсепти 2:0 кылды. "Дордойдун" жарым коргоочусу Анатолий Власичев бир гол киргизгени менен, үй ээлери эсепти теңей алышкан жок.

Бул жеңиш менен "Алай" 1-орунун бекемдеди. 2-орунда келе жаткан канттык "Абдыш-Ата" өз үйүндө " Нефтчи" менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Ошондой эле "Кара-Балта" "Алганы" 2:1 эсебинде жеңип, чемпиондукта алгачкы 3 упайга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-05-21 21:25:12
Алай азаттар
+3
banditka
2017-05-21 21:48:07
Супер оюндун графигин жонотуп коёсуздарбы ?
+3
nuridindosmatov
2017-05-21 21:57:50
Супер оюн супер голдор болду! Алай чемпион!!!!
+2
SERENADA.
2017-05-21 22:49:54
Барса рманын уйуно барып кордоп келгендей, АЛАЙ да Кордойдун уйуно барып кордоп келиптирда))))
Форча Алай))))
+1
jigit.paren
2017-05-21 23:17:26
Ушинтип бирибириңди эле утуп жүрө бергиле Алтын асыр менен Истиклолду ушинтип жеңсе эмне
+6
newman
2017-05-22 01:04:28
jigit.paren, ошону айтсаң
+1
CEO
2017-05-22 01:28:58
Мага десе бир-биринерди 30:0 менен женбейсинерби, зато тажик, туркмон клубдарына 4:0, 4:1 менен кайра кайра утулган сон соз жок... Мен силердин ордунарда болсом намыстанып футболду жыйыштырып коймокмун..
+5
MICROP
2017-05-22 11:00:50
Бечара Дордой, реалдын кейпин кийиптирда))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан