Чүй ОИИБи: "Беш-Күнгөйдө кичинекей балдарды уурдады делген адам табыла элек"

"Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылы жакта кичинекей балдарды уурдады" делген адам табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Азырынча балдары жоголгонун же уурдалганын айтып бизге эч бир ата-эне кайрыла элек. Окуянын күбөсүнүн айткандары боюнча балдарды уурдап кеткен унаанын ээсин издөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-майда Беш-Күнгөй айылы жакта белгисиз адам тарабынан эки кичинекей баланын уурдалганын окуянын күбөсү болгон Евгения Моисеенко аттуу интернет колдонуучу баракчасына жазган. Ал: "Тоодон кичинекей баланын кыйкырганы угулганынан Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапка бардык. Унаанын арткы отургучунда белгисиз адам кичинекей кыз менен экен. Ал эми дагы бир кичинекей бала унаанын жанында туруптур. Белгисиз адам дароо рулга отуруп өзүнүн балдары экенин айтып, бизге кыйкырып кирди. Балдардан эмне болгонун сураганыбызда, алар эч нерсе айтышкан жок. Чамасы алар коркуп калышкан. Айдоочу унаасын белгисиз тарапка айдап кетти", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shumkar.2018
2017-05-22 10:11:51
Адам уурдагандарга атууга окум чыгарыш керек да
+2
Gupa
2017-05-22 10:23:12
Көргөндөрдүн блокторун окуп келдим. Милиция тараптын "эртең издейбиз" деп койгондору жинди келтирди, таң аткыча эмне болуп кетти ким билет?..
+1
Mikella
2017-05-22 12:14:25
Gupa,ошо эртен издейбиз бугун бизде выходной деп айтты дегенине ишенбейм. Качан эле милицияларда выходной, майрам, кун-тун болчу эле! да еше неоплачиваемые!
0
Bars88
2017-05-22 10:49:09
Мумкун өзүнүн балдарыдыр.Кетик десе оюнга алаксып кеткиси келбей ыйлагандыр
0
admin_portal
2017-05-22 11:50:57
nurchik05, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
wwwbaxa
2017-05-22 11:55:39
база деген барбы өзү бизде,же жөн эле көрүп таанымайбы...эки күндө табалбаса.эгер террорист болсо 2күндө космоско учуп кетет ко...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан