Ювентус 33-ирет Италия чемпиондугун багындырды

Италиянын «Сериа А» өлкө биринчилигин "Ювентус" багындырды. Массимилиано Аллегри машыктырган команда 21-майда “Кротоне” командасын 3:0 эсебинде уткан. Турнирдик таблицада "Ювентус" 88 упай топтоп, 2-орунда келе жаткан “Ромадан” 4 упайга ашып чемпион болду.

“Кротоне” менен болгон беттеште Марио Манджукич 12-мүнөттө эсеп санын ачты. 1-таймдын 39-мүнөтүндө Пауло Дибала таамай болуп эсеп санын 2:0 кылганга үлгүрдү. Оюндун аягына 7 мүнөт калганда Дибаланын чыгарып беришинен соң Алекс Сандро эсеп санын 3:0 кылды.

Ошентип “Ювентус” командасы 6-жолу катары менен жана өз тарыхында 33-ирет чемпиондукту багындырды. Белгилей кетсек, "Ювентус" 3-июнда Чемпиондор Лигасынын финалында "Реал" менен ойнойт.

Ювентус (3:0) Кротоне. Италия Чемпиондугу 21.05.17
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maku88
2017-05-22 10:41:56
Лига чемпионов финалы отто кызык болот экенда эки олконун лидер клубдары менен
+1
odin-takoy
2017-05-22 11:14:50
Лиганы да утуп койсо ото жакшы болот эле илгерки ювентус кайтат эле
0
USSRKG
2017-05-22 12:36:17
Дибала красава утат обсолюттук чемпион болот.Реалды 2-0 же 3-1 ге утат
0
Subaru7351
2017-05-22 13:28:35
Топ тоголок буйруганы утсунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан