Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы коло медалын жеңип алды.
75 килограммга чейинки чен бирдикте Айпери Медет кызы алгачкы беттеште казакстандык спортчуну жеңген, бирок кийинки беттештерде Түркиялык Ясемин Адарга жана азербайжандык Сабира Алиевага жеңилип калган. Коло байге үчүн болгон мелдеште Айпери Медет кызы египеттик Самар Хамзаны жеңип коло медалды тагынды.
Эске салсак, Айпери Медет кызы 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнөлүк чемпиондукта күмүш медалдын ээси болгон.