Беш-Күнгөйдө уурдалды делген балдардын апасы: "Балдарымды атасы алып кеткен"

Кечээ, 21-майда Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында балдарды унаага салып кеткен адам алардын атасы экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына 33 жаштагы аял келип, кечээ Беш-Күнгөйдө уурдалды делген балдар аныкы экенин айтты. Анын билдиргенине караганда, күйөөсү экөө бир жылдан ашык убакыт мурун ажырашып кетишкен. Бул убакыт ичинде жолдошу балдарын мектебинен алып кетип, сейилдетип, эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөстөн кайра таштап кетчү экен", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Маалыматка караганда, балдардын апасы: "Кечээ түшкө жакын жолдошум мага чалып, кызымдын ыйлаган үнүн угузуп: "Экөөбүз ажырашып кеткенибиз үчүн ортодо балдарыбыз кыйналып жатышат", - деген. Ошол убакта социалдык баракчасына бул окуя тууралуу жазган аял аларды көрүп калыптыр. Кызым ажырашпай эле койгулачы деп ыйлап жаткан. Жакында ажырашуубуз боюнча сотубуз болмок", - деп айткан.

Белгилей кетсек, бул окуя тууралуу Евгения Моисеенко аттуу интернет колдонуучу баракчасына: "Тоодон кичинекей баланын кыйкырганы угулганынан Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапка бардык. Унаанын арткы отургучунда белгисиз адам кичинекей кыз менен экен. Ал эми дагы бир кичинекей бала унаанын жанында туруптур. Белгисиз адам дароо рулга отуруп өзүнүн балдары экенин айтып, бизге кыйкырып кирди. Балдардан эмне болгонун сураганыбызда, алар эч нерсе айтышкан жок. Чамасы алар коркуп калышкан. Айдоочу унаасын белгисиз тарапка айдап кетти", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
eduardali
2017-05-22 14:42:19
Орто жолдо балдарга кыйын экенда.ажырашбай эле койгулачы бир туугандар.
+13
Kosmos2013
2017-05-22 15:23:09
Тактап жазбайбы анан калп эле адамды жаман коргозбой
0
Kosmos2013
2017-05-22 15:26:55
Байкуш кишини ХХХ кылбай, балдарына зээни кейип турса кайра.
+3
Hadyja
2017-05-22 16:06:35
Эже,эгер окуп калсаныз,ажырашпай эле койгулачы!Балдарыныздын коз жашы,баарынан ойдо болуп,элдешиниз.Эненин бакыты балдарга байланат.Аларды ыйлатып,атасыз калтырбаныз.Буйурса,баары жакшы болот,жакшылыкка бел байлап,элдешсениз,Кудайым Озу Жардам Берет.Биз дагы дуба кылабыз!
+13
surgeon777
2017-05-22 22:10:13
Шашпай,жинденбей берки кишилерге тушундуруп кетсе болмок,любой киши жаман ойлойт да,алардын башка бироолордун балдарын ойлоп кабатырланганы рахмат,эгерде баардыгыбыз ушундай моменттерде кайдыгер болбосок кылмыштуулук ж.б жаман корунуштор азаймак.
+2
Kroxa
2017-05-22 23:44:01
Баарынын нерви жука..жаны киргиздер тем более, айтыш сын тагыш кыйын..
0
sabyr86
2017-05-23 07:36:29
азыр анча мынча аталарга деле ишенип болбойт.Тоодо эмне кылып жүргөн ал киши?эмне үчүн бир баласы сыртта турган?эмне үчүн ал кызы м.н арткы орудукта отурган деген суроо жаралат.
+1
surgeon777
2017-05-23 14:24:26
sabyr86,айтпа,балдар менен психологдор менен суйлошуш керек,мало ли,арткы орундукта ыйлап...анан качканычы,неге качат дейм да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан