МЕДИА-ПОРТАЛ: Канат Култаев Мирбек Атабековдун "Жолуктуӊ неге?" ырынын клибине эмне үчүн көп каражат сарпталганын түшүндүрдү

Учурда популярдуу болуп жаткан клиптердин бири - Мирбек Атабековдун "Жолуктуӊ неге?" ырынын клиби. Аталган ырга тартылган клип тууралуу ырчынын продюсери Канат Култаев буларды билдирди:

"Клип өлкөбүздөгү телеканалдардын биринин жаӊы студиясында тартылды. Режиссёру Мирлан Саткымбаев, анда башкы каармандын образын Элина Абай кызы жаратты. Кечки саат 8ден баштап түшкү саат 12ге чейин тарттык. 50дөй адамдын эч бири эс алып, уктаган жок. Андыктан Мирбек Атабековдун атынан жалпы тартуучу, чыгармачыл топко ыраазычылык билдиребиз", - дейт Канат Култаев.

Продюсер клипти тартууга жалпы 9 миӊден ашуун доллар сарпталганын айтат.

"Эмне мынча көп акча каражаты кеткен деген ой жаралышы мүмкүн. Тартуучу жайларды, камераны ижарага алуу, жарыктарды коюу, шоуну уюштуруу, тартылгандарды тейлөө жана башка билинбеген нерселерге кеткен чыгымды эсептей келгенде болжолдуу түрдө 9 миӊ доллардан ашты", - дейт продюсер күлүп.

Мирбек Атабековдун "Жолуктуӊ неге?" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aman_Mansurov
2017-05-22 20:20:27
Клип жакшы болуптур, Азаматсынар! Иштеринерге ийгилик!
0
gulzar_gulu
2017-05-22 20:26:20
Ыр же хит болот, же ит болот да. ))))
0
Kyrgyz_bloger
2017-05-22 20:28:43
600 мин сомдон ашык акчабы мактанчак экенсинер точна
+4
Nazaralikarakulja
2017-05-22 23:00:18
9 Мин доллар дегени калп болуш керек э дубайда тартып келгенсип кулака тебет продюсери
+12
Nazaralikarakulja
2017-05-22 23:02:10
Мирбек Атабеков чыгармачылык ийгилик каалайбыз молодец!!! бирок продюсерин жакпады кулака лапша илет экен коп
+8
ayjan_90
2017-05-22 23:42:48
Караандай калп кайда эле 9 мин доллар кетсин
+7
terabait
2017-05-23 00:46:18
Охо Мирбекке ырынын клибиндеги цвето#диот мен билгенден 83#85 жылдары сшада өтө мода болгон айткандай Мирбекке эми жетип келиптир да Микинин Канат
+5
Aman_Mansurov
2017-05-24 15:09:35
terabait,Мирбеке эмес, Кыргызстанга эми жетип келди
0
Suhan15
2017-05-23 03:44:31
Абдан жакты. Ырларын угуп эс аласын унунон. Ийгилик!
-2
Miroslav
2017-05-23 06:32:33
КТР ден ар жума болгон Арноо концерти Чынгыз Мырзаев алып барат кееде.Озу алып барган кундору созсуз турдо Атама деген ырын клиби менен корсотот.Ал ыр (клибида бар)Осор Козуев деген агабыздыкы болот.Аны такыр койбойт.Ушул нерсени кантип Чынгызга жеткишти билбей журом.Тажаттынго Чынгыз,Озунду озун койо берип.Ырдын автору Осор аке аткаруусунда да койчу,уккубуз коргубуз келип жатат.
+3
Nukeww
2017-05-23 08:21:45
Miroslav, [moderated]`да бар болсо керектир. Карап корбойсузбу
0
Akberdiev
2017-05-23 18:06:44
Канат Култаевтин озунун жеке уйу же машинасы жок. Ушул убака чейин батирде турат. Ар кимден карыз сурап журо берет. Ушул создорум 100% чын ишенбесенер Супер-Инфо жамааты текшерип корсонор болот. Айтайын дегеним 9 мин долларга клип тарттык дегени адамдын бир жерин келтирет экен))) Мактангандан мурун артын карап мактанышса!
0
Aima94
2017-05-24 13:27:40
Бадыева чет олкодон соонун клип тартып келген мынча акчага. Болушу мумкун эмес ашып кетсе 3,4 мин доллар кеткендир
0
Aman_Mansurov
2017-05-24 15:14:49
3-4 мин долларга мындай клип тарта албайсын. Чынында эле 9 минге жакын акча кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан