Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ГЭС-2 көчөсүнүн аймагында 2002-жылы туулган жергиликтүү тургун бир нече жолу бычакталып, ооруканага жетпей каза болду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Асылбек Токтомушев билдирди.
“Кечээ, 21-майда саат 22:30 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жаш баланы белгисиз адамдар бычак менен сайып кеткендиги тууралуу телефон чалуу түшкөн. Аламүдүн райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, окуяны иликтөөгө алган. Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр качып кетишкен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда издөө иштери уланып жатат”, - дешти милициядан.