Бишкекте Агрардык университеттин студенти мугалиминин Хондасын уурдап, жөө жүргүнчүнү сүздү

Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө жүргүнчүнү сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти мугалиминин столунан ачкычты алып, Хонда Авенсер үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кеткен. "Шаар айланып жүрүп, Асанбай кичи районуна жеткенде майы түгөнүп калган. Телефонун күрөөгө коюп, май куюп, жолун улаган. Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде 25-30 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Муну көрүп калган аймактык милиция кызматкерлери айдоочуну кармап, унаа издөөдө жүргөнүн аныкташкан. Жабырланган жөө жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, №4-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө" , - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arsenal2
2017-05-22 19:48:05
Эмне куч келди экен буга.озу студент болсо тынч эле журсо болмок экен.же агайы сессиядан кыйнаса ушундай жол менен оч алайын дегенго
+5
dosym
2017-05-22 21:16:25
Arsenal2,аграрныйда кайдагы сессия
-9
Kroxa
2017-05-22 23:08:26
Оо кудай азыркы жаштарды ыйманынан,ыйбаасынан ажырата коробо..жаны киргиздер купулума толбойт..баарыбызда бала бар..кудай сактаса экен дейм бул да бироонун алпештеген,жанындай коргон студент баласыдыр...ата-энесин кийин карыганда бакканга жараса болду..
+1
Michelangelo
2017-05-23 01:26:58
Бакка толтуруп бензин куюп кел деп жиберсе керек да..
+1
Sujiya
2017-05-23 01:27:12
Айнып калганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан