20 жаштагы модель жана актриса Алина Пирматова Ливанда өткөн эл аралык "Miss Asia World" сулуулук сынагында "Дүйнөнүн жаш сулуусу" ("Miss Teen World") титулун алды. Бул тууралуу ал интернеттеги өздүк баракчасы аркылуу билдирди.
3-майда Ливандын борбору Бейрутта башталган сынакка 36 өлкөнүн сулуулары катышкан. Ал эми финал 21-майда өтүп, анда жеңүүчү Сириядан келген Анге Морад аталган. Ал эми биринчи вице-мисс болуп казакстандык сулуу тандалса, экинчи орунду Таиланддан, үчүнчү орунду Сингапурдан келген кыз багындырган.
Белгилей кетсек, Алина Пирматова бул сынакка Кыргыз мамлекетинин атынан катышары апрель айында белгилүү болгон.