Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 2 жашар баланы куткаруучулар издеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда саат 19:30да 2015-жылы туулган И.Р. Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Окуя тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.