Бүгүн, 23-майда футбол боюнча өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 8-туру старт алат.
Анда Кара-Балта шаарынын "Манас" стадионунда "Кара-Балта" канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алат. "Кара-Балта" командасы 7 турдун ичинде бишкектик "Алга" командасын гана утуп 3 упайга ээ. Ал эми канттык "Абдыш-Ата" 16 упай топтоп турнирдик таблицада 2-орунда жайгашкан.
Эртең, 24-май күнү Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" бишкектик “Дордой” командасын кабыл алса, Оштун "Алай" командасы бишкектик “Алга” менен ойнойт.