Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Балдардын эл аралык күнүнө карата "Алтын уя" опереттасы көрсөтүлдү. Спектаклдеги ролдорду "Ак шоола" балдар хорунун катышуучулары аткарышты.
Белгилей кетсек, "Алтын уя" кыргыз тарыхындагы балдар үчүн жазылган биринчи оперетта болуп эсептелет. Анын авторлору композитор Турдубек Чокиев жана "Ак Шоола" балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова.
Турдубек Чокиев: "Спектаклдин бет ачары мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 30-майда болгон. 2014-жылы оперетта үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болгонбуз. Бул чыгарма аркылуу көрүүчүлөрдү эл-жерин сүйүүгө, мекенин таштап башка өлкөгө кетпөөгө чакырабыз. "Алтын уя" опереттасын жакынкы убакта кино кылып тартууну пландап жатабыз", - деп билдирди.
Спектаклде башкы ролду кичинекей кумурска аткарат. Ал өзү жашаган жерди жактырбай көпөлөктүн канатын тагып, алардын өлкөсүндө жашап көрөт. Кийин аарыларга, жөргөмүштөргө барып, алар менен достошууну чечет. Бирок аны эч бири кабыл албай коёт. Соңунда кумурска өзү чоңойгон жер, ата-энесине эч нерсе жетпесин түшүнүп, туулган жерине кайтып барат.