Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан айдоочу каза болуп, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 23-май күнү саат 22:20 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 307-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен бензовоз сүзүшкөн. Анын кесепетинен күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, күйүп кеткен. Кырсык болгон жерде бензовоздун айдоочусу каза болгон. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Азыркы тапта каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
Буга чейин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу кайрылып, Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгынан бир адам каза болгонун билдирген болчу.