Топ-Лига 2017: "Кара-Балта" өз үйүндө "Абдыш-Атаны" жеңди

Футбол боюнча өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 8-турунун алкагында "Кара-Балта" өз үйүндө "Абдыш-Ата" менен кез келген. Анда "Кара-Балта" командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 1-таймында "Кара-Балтанын" жарым коргоочусу Саламат Мамбеталиев айырмаланганга жетишти. 2-таймда Мамбеталиев 2-голду киргизгенге үлгүрдү. "Абдыш-Ата" Эльдияр Сардарбековдун голу менен жооп кайтарды.

Бул жеңиш менен "Кара-Балта" 6 упай топтоп азырынча турнирдик таблицада 4-орунга көтөрүлдү. "Абдыш-Ата" 16 упай менен 2-орунда.

Маалымдай кетсек, бүгүн, 24-май күнү Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" бишкектик “Дордой” командасын кабыл алса, Оштун "Алай" командасы бишкектик “Алга” менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
banditka
2017-05-24 09:52:37
Бугунку Алайдын оюнуна ийгилик коргону барабыз буйурса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан