Бүгүн, 14-майда Орусиянын Москва шаарынын мэринин Кубогуна арналган бильярд боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка 10 өлкөнүн атынан 120 спортчу катышып жатат. Мелдеш эркектер жана кыздар арасында өтмөкчү. Алардын ичинде 8 мекендешибиз бар. Айта кетсек, таймаш бильярддын эркин пирамида түрү боюнча болот.