Бүгүн, 25-майга караган түнү футбол боюнча Европа Лигасынын финалында голландиялык “Аякс” менен англиялык “Манчестер Юнайтед” кез келет. Аталган оюн Швециянын Стокгольм шаарында өтөт. Бул мелдештин артыкчылыгы - жеңүүчү аталган команда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кийинки сезонунун тайпалык баскычына жолдомо алат.
“Аякс” (Голландия) – “Манчестер Юнайтед” (Англия).
Стадион: Стокгольм шаары, "Френдс Арена".
Калыс: Дамир Скомина (Словения).
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча).