Кыргыз дзюдочулары Кытайдын Гонконг шаарында 24-29-май аралыгында өтө турган дзюдо боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди.
Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу медалдар үчүн күрөшөт.
Дзюдо боюнча эркектер курамы:
60 килограммга чейинки салмакта - Отар Бестаев,
66 килограммга чейинки салмакта - Бектур Рысмамбетов,
73 килограммга чейинки салмакта - Руслан Жаныбек уулу,
81 килограммга чейинки салмакта - Владимир Золоев,
90 килограммга чейинки салмакта - Шахриер Идрисов,
100 килограммга чейинки салмакта - Юрий Краковецкий.
Дзюдо боюнча кыз-келиндер курамы:
57 килограммга чейинки салмакта - Ксения Бельдягина,
57 килограммга чейинки салмакта - Асел Мусабекова,
63 килограммга чейинки салмакта - Мээрим Момунова,
63 килограммга чейинки салмакта - Айжан Кадырбекова.