Чүйдө денесине 17 жолу бычак сайылып, каза болгон окуучунун өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Шектүү азыркы тапта Аламүдүн РИИБинде сурак берүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, ал маркум менен тең чамалаш", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Айта кетсек, окуя 21-май күнү саат 22:30 чамасында Аламүдүн районунда болгон. Анда 8-класстын окуучу бир нече жолу бычакталып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын денесине 17 жолу бычак сайылганы аныкталган.