Чүй облусунун, Чүй районунда 24-майда болгон катуу жаан-чачынга байланыштуу, Ак-Бешим айыл өкмөтүнө караштуу Чүй мектеп интернат айылындагы Бурана дарыясында жайгашкан көпүрөнүн жээктерин суу жеп, 1 гектарга жакын кызылча менен жүгөрү себилген айдоо аянттарын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-майда билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 8:10до суунун жээгин бекемдөө иштери башталды.
"Көпүрөнүн жээктерин калыбына келтирүү үчүн Чүй райондук суу чарба башкармалыгынан 1-даана погрузчик, Чүй облустук суу чарбалыгынан 1-даана экскаватор, Жолду эксплуатациялоо бөлүмүнөн 1 даана автокран жана 1-даана Хово тартылды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.